Бөлүмдөр
Ишемби, 24-февраль
Ысык-Көл

«Женеке»: Шаарда өсүп, Жети-Өгүзгө келин болгон Ж.Асакеева 300дөй баланын апасы болду (фото)

Turmush -  «Женеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Жети-Өгүз районунун Дархан айылынын 51 жаштагы тургуну Ж.Асакеева. Аймактык кабарчы жеңеке менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Каракол шаарында чоңоюп, шаардагы Киров атындагы орто мектепти аяктаган. Андан соң Каракол шаарындагы педагогикалык окуу жайын ийгиликтүү бүтүргөн. Кийин жолдошу Канат Асаналиев менен баш кошуп, Жети-Өгүз районунун Дархан айылына келин болгон. 4 баланын энеси Ж.Асакеева эки кызын турмушка узатып, эки уулун үйлөнткөн. Учурда ал 3 неберенин чоң энеси.

Ал турмушка чыккандан кийин эмгек жолун билим берүү тармагында баштап, Жети-Өгүз районундагы «Кут билим» чыгармачылык борборунда эмгектенген. Дээрлик 28 жылдан бери балдар менен иш алып барган Ж.Асакеева бала бакча ачып, учурда Кызыл-Суу айылындагы «Наристе» балдар бакчасын жетектейт.

«Акыркы 6 жылдан бери балдар бакчасын жетектеп келем. Бул жердеги бөбөктөрдү да өз балдарымдай көрөм, алардын экинчи апасындай эле болуп калдым. Учурда 300гө жакын балам бар. Менин максатым — бактылуу балалыктын үлгүсүн жасоо. Бала бакчада балдарга тиешелүү шарттарды түзүп, витаминдүү тамак-аш берүү максатында атайын күнөскана да ачтык. Ал жакта жашылча жемиштер өстүрүлүп, балдарга берилет. Учурда «Манас таануу» автордук программа менен да иштеп жатам. Бала бакчада бөбөктөргө бий үйрөтүлөт», - дейт Ж.Асакеева.

Ал ошондой эле ата жолун жолдоп ыр жазат. Анын бир катар макалалары жергиликтүү гезиттерге жарыяланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1307
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×