Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 14.12.2017 15:29

Боз-Бешик айылында «Сүйүнчү» аттуу концерт коюлду (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Оргочор айыл аймагынын Боз-Бешик айылында «Сүйүнчү» деген аталышта концерт өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган айылдын маданият үйүнүн башчысы Калысбек уулу Ислам билдирди.

Анын айтымында, концерт Майыптарды коргоонун эл аралык күнүнө карата коюлду. Концерттин мындай аталышына айыл өкмөт тарабынан 160 миң сом бөлүнүп, музыкалык аспаптардын алынышы себеп болгон.

«Концертке Жети-Өгүз районунун маданият бөлүмүнүн кызматкерлери, Ж.Желденбаев атындагы орто мектебинин окуучулары, айылдык таланттар катышты. Айылда эми «Шайыр апалар» тобун түзүп, ыр кесе, сармерден сыяктуу иш-чараларды өткөрөлү деп жатабыз», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×