Бөлүмдөр
Ишемби, 24-февраль
Ысык-Көл

Жети-Өгүздө автоунаа жөө жүргүнчүнү сүзүп өлтүрдү

Turmush -  Жети-Өгүз районунда кечээ, 13-декабрда автоунаа жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп кетти. Бул тууралуу Ысык-Көл РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунда Кызыл-Суу жана Саруу айылдарынын ортосунда саат 13:00 чамасында катталган. Унаа жөө жүргүнчүнү сүзүп, анын кесепетинен 1960-жылы туулган эркек киши көз жумду. Унаанын айдоочусу тез жардам кызматын чакырган. Аталган факты боюнча Ысык-Көл облусунун тургуну (айдоочу) кармалды.

Учурда жол кырсыктын бардык жагдайлары аныкталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 636
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×