Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 18.12.2017 15:51

Айыл турмушу: Борбордон айылга келген 25 жаштагы Калыс жылына 700 миң сом киреше табууда (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Дархан айылынын 25 жаштагы тургуну Калыс Садырбаев аары багып, багбанчылык менен алектенет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты. Өзүнүн айтымында, ал жылына 700 миң сомго жакын киреше табат.

«Мектепти аяктагандан кийин Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик тоо-кен университетин электромеханик адистигин боюнча аяктадым. Жогорку билим алгандан кийин элетке келип, багбанчылык менен алектенүүнү чечтим. Башында бакчамдагы 70 түп өрүктүн түшүмүн сатып киреше тапчу элем. Бул иш пайдалуу экенин билген соң, 1,5 гектар аянтка 3 жыл мурда 750 түп өрүк тиккем. Анын 300 түбү падыша, калганы султан сортундагы өрүктөр. Учурда алар түшүм байлай элек. Эми келе жаткан жылы түшүм берип калат. Андыктан айылга кыям чыгарган кичи цех ачууну пландап жатам. Өрүктөрдү дүң саткыча, кыям жасоо кирешелүү. Ошондой эле, жумуш орундар түзүлөт», - дейт ал.

Мындан тышкары, ал өрүк менен катар карагат өстүрүп, 2 тоннага жакын түшүм алууда. Карагат терүү сезонунда элеттеги кыз-келиндерди убактылуу иш менен камсыздайт.

«Өрүк жана карагат өстүрүүдөн тышкары бал челектерде аары багам. Бир бал челектен 15 килограммдан 80 килограммга чейин бал алынат. Биздин 50 бал челегибиз бар», - дейт жаш багбан.

Калыс жубайы Нестан экөө 3 жаштагы Жоодар жана 1,5 жаштагы Нурэлди өстүрүп жатышат.







Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×