Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Ысык-Көл

Жеңеке: Тоңдук Лира менен жолдошу Азамат ата-энелеринин кыялдарын орундатышты (фото)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Тоң районунун Ак-Өлөң айылынын 29 жаштагы тургуну Абдыкадырова Лира. Ал ушул айылдын 32 жаштагы тургуну Кадырбаев Азаматка турмушка чыккан. Аймактык кабарчы жеңеке менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал И.Арабаев атындагы университеттин педагогикалык факультетин аяктап, Балыкчы шаарындагы «Жомок» бала бакчасында эмгектенген. Учурда С.Каралаев атындагы орто мектепте башталгыч класстарга сабак берип жатат.

«Менин ата-энем менен жолдошумдун ата-энеси жакын тааныш болуп, катышып да жүрүшчү. Ал эми апам менен кайненем жакын курбулардан болчу. Биз кичинекей кезибизде эле ата-энелерибиз келечекте куда болсок экен деп кыялданышчу экен. Биз бойго жеткенден кийин Азамат экөөбүз сүйлөшүп, бири-бирибизди жакшы көрүп кеттик. Мен аны мектепте окуп жүргөндө күндө эле көрчүмүн.

Экөөбүз 5 жыл сүйлөшүп жүрүп, кийин турмуш курганбыз. Башында ал үйлөнүү сунушун киргизгенде мен кантип өзүмдүн айылыма келин болмок элем деп ойлонуп жүрдүм. Бир күнү жолдошумдун ата-энеси ага телефон чалып, менин көзүмчө куда түшүп бара берелиби деп сурашты. Ал болсо телефонунун үнүн катуулатып, мага угузуп, макулдугун берди. Мен ошондо гана анын чын айтып жатканын түшүндүм. Өзүмдүн айылыма келин болсом дагы сүйгөн адамым менен баш кошконума абдан кубанам», - деди ал.

Ал көнүп калгандай эле кайненесин эже деп атап алган учур көп болгонун айтат.

«Үйлөнгөндөн кийин кайненемди эже, кайнатамды байке деп атап алчумун. Ошентип жүрүп апа, ата деп айтканга көнүп кеттим. Жолдошум камкор жана боорукер. Мен келечекте мыкты эне жана мугалим болуп, балдарга татыктуу билим берсем деген максаттарым бар»,- деди ал.

Жубайлардын 2 уулу бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2242
Көп окулду
×