Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 21.12.2017 09:58

Жети-Өгүздө 37 жаштагы киши түтүнгө ууланып, ооруканага түштү

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында өрт кырсыктан 37 жаштагы киши жабыр тартты. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өрт Умаров көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн чыккан.

«Өрттүн кесепетинен 1980-жылы туулган В.С. түтүнгө ууланып, тез жардам кызматы аркылуу райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди. Ошондой эле, өрт учурунда терезе, пол, керебет, матрац жана жууркан-төшөктөр күйгөн», - деп айтылат маалыматта.

Өрткө тамеки тартуудагы этиятсыздык себеп болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×