Бөлүмдөр
Ишемби, 24-февраль
Ысык-Көл

Фото - Барскоон айылында Үркүн учурундагы суу тегирмен сакталып калган

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында 1916-1917-жылдары курулган суу тегирмен сакталып калган. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Улан Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, тегирменди кайра калыбына келтирүү зарыл. «Жергиликтүү тургундар белгилегендей, тегирмен Үркүн окуясынан кийин атайын суунун жээгине курулган. Суунун күчү менен чоң таш жаргылчактар айланып, буудайды жанчыган. Учурда тегирмен талкаланып калды. Аны борбордогу тарых музейге алып барып же калыбына келтирип, туристтер келе турган жайга айлантуу керек», - деди ал.

Ал эми, аталган айылдын башчысы Руслан Эшмамбетов тегирмен жеке менчикке өткөнүн белгиледи. «Бул тегирмен тарыхый мааниге ээ. Бирок ал менчиктештирүү жылдарында айыл тургунуна берилген экен. Биз аны менен сүйлөшүп, тегирменди калыбына келтирели деп жатабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 906
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×