Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Ысык-Көл

Жети-өгүздүк окуучулар тарых музейде болушту (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районундагы окуучулар Кажы-Сай шаарчасына музейге барышты. Бул тууралуу Кызыл-Суу айыл аймагынын адиси А.Жолдошбеков маалымдады.

Анын айтымында, Кызыл-Суу айыл аймагынын адистери көтөргөн демилгени жергиликтүү бийлик колдоого алып, каражат бөлүп беришкен. Айыл аймактагы мектептердин окуучулары Тоң районунун Кажы-Сай шаарчасындагы тарых музейине барып, ар кандай жанрдагы сүрөттөрдү жана экспонаттарды көрүштү.

«Бул демилге негизинен келечек ээлерин бир гана спортко үндөө эмес, алардын таанып билүү жөндөмдүүлүгүн өркүндөтүү максатында көтөрүлдү»,- дешет уюштуруучулар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 765
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×