Бөлүмдөр
Ишемби, 24-февраль
Ысык-Көл

Жаш талант: Таяк тартыш боюнча Азия чемпионатына катышкан Айзада кийизден саат жасады (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынын 14 жаштагы тургуну Айзада Таалайбек кызы кийизден саат жасап, анын механизмин ойлоп тапты. Аймактык кабарчы жаш талант менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 3-класстан бери кол өнөрчүлүк менен алектенет. Ал куурчактарга кийим тигүү менен кенже класстагы окуучу кыздарга майрамдарга көйнөктөрдү тигет. Ошондой эле, түймө түйүп, жүндөн азем белектерди жасайт.

Ал кол өнөрчүлүктөн тышкары ыр-бийге катышып, каратэ боюнча райондук, облустук мелдештерден 1-орундарды багындырып келет. Ошондой эле, таяк тартыш боюнча эл аралык мелдештерге катышат.

«Учурда Барскоон айылындагы Э.Кендирбаев атындагы орто мектепте 9-класста окуйм. 7-8-классымда кол өнөрчүлүк боюнча райондук жана облустук сынактарга катышып, 1-2-орундарды алгам. Келечекте дизайнер болууну кыялданам. Кол өнөрчүлүктөн тышкары таяк тартыш, кол күрөш мелдештерине катышам. Таяк тартыш боюнча Азия чемпионатына катышкам, эми дүйнөлүк чемпионатка даярданып жатам», - деди Айзада.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 570
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×