Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Ысык-Көл

Жети-Өгүздө айыл чарба кооперативи ишке берилди (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айыл аймагында дагы бир кооператив ишке берилди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, айыл аймактын эли кореялык уюм менен 3 жылдан бери алгылыктуу иш алып барып келишет. Буга чейин аталган уюм Ак-Дөбө айыл аймагындагы жакыр жана өтө жакыр жашаган үй-бүлөлөргө айыл чарба техникалары, элита сортундагы арпа, буудай, картошкалардын үрөндөрү менен жардам берип келген.

Буга чейин Ак-Дөбө айыл аймагынын Тилекмат айылына эл аралык уюмдун жардамы менен «Эрнист» айыл чарба кооперативинин түзүлүшүнө да ар тараптуу жардам көрсөтүлгөн. Ал эми ушул жылдын август айында Ак-Дөбө айыл аймагынын Мундуз айылында «ТСК Ак-Дөбө» кооперативи жергиликтүү тургундар тарабынан уюштурулуп, учурда курамында 26 киши бар.

Кореялык уюм аталган айыл аймактын эли үчүн 24 миң долларга 3 техника жана 10 миң доллардан ашык каражатка 100 тонна түшүм батуучу кампа белекке беришкен.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1201
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×