Бөлүмдөр
Ишемби, 24-февраль
Ысык-Көл

Жети-Өгүздүн эли Нарындагы памирлик кыргыздарга акчалай жардам беришти (фото)

Turmush -  Нарын районунун Куланак айылында жашап жаткан памирлик кыргыздарга Жети-Өгүз районунун элинин атынан акчалай жардам көрсөтүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Кечээ, 26-декабрда Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким Калысбек Жудеев баштаган топ Нарын районундагы памирлик кыргыздардан кабар алышты.

Аким менен бирге райондук социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Абдыкалыков Сыдыкбек, Барскоон, Ак-Дөбө айыл аймактарынын башчылары Руслан Эшманбетов менен Таалайбек Баямановдор Нарынга барып, памирлик кыргыздарга район элинин атынан 50 миң сом жардам көрсөтүштү.

Ушул жылдын 13-октябрында саат 20:30 чамасында этникалык кыргыздар Жалал-Абаддагы Кара-Көл шаарына бир күн түнөгөндөн кийин Нарын шаарына жетишкен. Аларды вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова коштоп келип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жашоочулар кубануу менен салтанаттуу түрдө тосуп алышкан.

Кыргызстанга Кичи жана Чоң Памирден 33 адамдан турган 6 үй-бүлө келген. Алардын ичинде 18 жашка чейинки 17 бала, кош бойлуу аял жана 1,5 жаштагы бир бала бар. 2017-жылдын 2-октябрында Кыргызстандын өкмөтү Кичи жана Чоң Памирге гуманитардык жардамды жеткирүү жана этникалык кыргыздардын балдарын окутуу үчүн ата-энелеринин коштоосунда өлкөгө алып келүүгө экспедиция жөнөткөн болчу.

Аталган аймакта жашаган этникалык кыргыздарды колдоо максатында өкмөттүк экспедиция тарабынан 7 млн сомго ылайыкталган 60 тоннадан ашык өлчөмдөгү гуманитардык жардам толугу менен жеткирилди. Алардын катарын дары каражаттары, азык-түлүк, кийим-кече, жууркан жана башкалар толуктайт.

Тема боюнча:

20.11.2017Памирлик кыргыздар Нарындын райондоруна жайгаштырылат (видео)
21.11.2017Фоторепортаж - Памирлик кыргыздар Ак-Талаа району менен таанышты
23.11.2017Памирлик кыргыздар Нарындагы музейде болушту (фото)
07.12.2017Фото — Тоң районунун делегациясы памирлик кыргыздардан кабар алып, жардам көрсөтүштү
15.12.2017Нарын районунун жергиликтүү бийлиги памирлик кыргыздарга 120 миң сомдук материалдык жардам көрсөтүштү (фото)
23.12.2017Тогуз-торолуктар памирлик кыргыздарды жаңы жыл менен куттуктады (видео, фото)
26.12.2017Памирлик кыргыздардын балдары президенттик балаты майрамына катышат
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 598
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×