Бөлүмдөр
Ишемби, 24-февраль
Ысык-Көл

Ысык-Көлдө балык кармап, жапайы жаныбарларды аткан браконьерлер кармалды (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунда браконьерлерге каршы рейд өткөрүлдү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Маалым болгондой, рейд өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн «Ысык-Көлдүн биосфералык аймагы» башкы дирекциясынын буйругунун негизинде өттү.

Рейддин жыйынтыгында Жети-Өгүз районунун Дархан жана Чычкан айылдарында мыйзамсыз 3 терек кыйган браконьерлер кармалды. Аларга 5 миң сом өлчөмүндө айып салынды.

Ошондой эле, 2 коен жана кыргоол аткан бүлгүнчүлөр колго түшүрүлдү. Алардан 2 курал табылып алынып жана 15 миң сом айып салынды.

Мындан тышкары, мыйзамсыз балык кармаган браконьер колго түшүрүлүп жана ээси жок кайык табылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1162
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×