Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 29.12.2017 10:41

Жети-Өгүздө акимдин кубогу үчүн өткөн мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунда акимдин кубогу үчүн өткөн мелдеш жыйынтыкталып, алдыңкы спорт чеберлерине сыйлыктар ыйгарылды. Бул тууралуу райондук дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн инструктору С.Жумаев билдирди.

Анын айтымында, жыл ичинде бир катар мелдештер өткөрүлдү.

«Жыл ичинде спорт тармагында ийгилик жараткан спортчулар кубок, медалдар менен сыйланышты. Ал эми акимдин кубогу үчүн өткөн мелдеште Оргочор айылынын «Алтын топ» командасы жеңүүчү аталды. Жеңүүчүлөргө белек алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 50 миң сом бөлүнгөн», - деди С.Жумаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×