Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Ысык-Көл

Тагдыр: Досу менен күрөшкөндөн кийин баспай калган 29 жаштагы Бердибек операцияга муктаж (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Боз-Учук айылынын 29 жаштагы тургуну Бердибек Канетов Түркиядан операция жасатуу үчүн каражат чогултууга жардам сурайт.

Анын айтымында, бир жыл мурда дос баласы менен күрөшүп жатып, ден соолугуна зыян келтирип алган. Анын моюн омурткаларынан жана белинен доо кеткен.

Туугандарынын айтымында, Б.Канетов 3 баланын атасы, келинчеги менен 2 жыл мурун ажырашып кеткен. Кырсыкка учураганга чейин балдарын өзү багып келген. Учурда баса албай, төшөктө жатат.

Дарыгерлер Түркиядан операция жасатуу керектигин жана ага 5 миң доллар керектелерин айтышкан. Учурда анын акча каражаты жетпей жаткандыгына байланыштуу кайрымдуу адамдардан жардам сурайт.

Басууга ынтызар болгон Бердибек кайрымдуу адамдардан жардам күтөт.

Жардам берүүнү каалагандар 0708 88 11 87 номуру аркылуу байланышса болот.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9001
Көп окулду
×