Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Жети-өгүздүк 26 жаштагы Тунук борбордогу мектептин директорунун орун басары болду (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Дархан айылынын 26 жаштагы тургуну Тунук Каныбекова борбордогу №50 мектептин директорунун орун басары болуп эмгектенип келет. Аймактык кабарчы жаш адистен кабар алды.

Өзүнүн айтымында, ал 1991-жылдын 25-майында Жети-Өгүз районунун Дархан айылында төрөлгөн. 1998-жылы А.Сатылганов атындагы Дархан орто мектебине кирип, 2009-жылы аяктаган. Ушул эле жылы И.Арабаев атындагы мамлекеттик университетинин тарых факультетине тапшырып, 2013-жылы артыкчылык диплом менен аяктаган.

Ушул эле жылы Ж.Баласагын атындагы улуттук университетинин магистратура бөлүмүнө тапшырып, аны менен катар Бишкек шаарындагы №50 орто мектебине социалдык педагог болуп орношкон. 2013-жылдын декабрь айында «Жаш мугалимдерге депозит» сынагына катышып, 3 жылдан кийин Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы тарабынан 100 миң сом сыйлыгына татыган.

Окуу жайдын магистратура бөлүмүн 2015-жылы аяктагандан кийин, ушул эле жылдын сентябрь айында №50 орто мектептин директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары болуп иштеп келет.

«Бала кезимде эле мугалим болууну кыялданчумун. 2013-жыл Ленин райондук билим берүү бөлүмүнүн ардак грамотасы, 2015-жыл Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын ардак грамотасы, 2017-жыл Бишкек шаардык кеңешинин ардак грамотасына татыктуу болгом. Негизги максатым — окуучуларга татыктуу билим берүү», - дейт ал.

Бишкек шаарындагы №50 мектеби 1966-жылы ишке берилип, 964 окуучуга ылайыкталган. Учурда 1276 окуучу билим алса, 71 мугалим эмгектенет. 10 мугалим билим берүүнүн отличниги болсо, 30 мугалим 1-2-категориядагы педагогдор болуп саналат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1480
×