Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк 26 жаштагы Үсөн фольклордук, элдик ырларды жайылтууда (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Дархан айылынын 1991-жылы туулган тургуну Үсөн Жүзбаев элдик ырларды жайылтуу аракетинде. Аймактык кабарчы өнөрлүү жигиттен кабар алды.

Өзүнүн айтымында, ал айылда мектепти бүтүргөн соң борбордогу Б.Бейшеналиева атындагы исскуство университетине тапшырып, ал окуу жайды 2013-жылы ийгиликтүү аяктаган. Ошол эле жылы К.Молдобасанов атындагы улуттук консерваториясына тапшырып, аны 2017-жылы бүтүргөн. Ал элдик ырларды бала кезинен бери аткарып, кийин мектептеги ар кандай иш-чараларга активдүү катышып келгендигин белгиледи.

Таланттуу жигит «Ала-Тоо жазы» 2012 фестивалынын лауреаты, Ж.Шералиев атындагы сынактын лауреаты жана радиолордун бириндеги «Селкинчек» сынагынын жеңүүчүсү болгон. Үсөн Жүзбаев төрт бир туугандын кенжеси. Анын Асан аттуу эгизи бар.


Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1850
×