Бөлүмдөр
Ишемби, 24-февраль
Ысык-Көл

Айыл турмушу: 3 тилде эркин сүйлөгөн ысык-көлдүк окуучу Рафиля дагы 2 тилди үйрөнүүдө (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Ырдык айылынын 17 жаштагы тургуну Рафиля Исмаева айылдын активист кыздарынын бири. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал учурда Ю.Хазрети атындагы орто мектебинин 11-классында окуйт. Дунган, кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөйт жана англис, кытай тилдерин үйрөнүүдө.

«Ар кыл маданий иш-чараларга активдүү катышып, ырдап, бийлеп турам. Улуттук кийимдерди өзүмө жаккандай кылып тигип алат. Кыз киши ар тараптан таланттуу болушу керек, мисалы тигүүнү, чач жасалгалоону, тамак-аштарды мыкты даярдоону билиши зарыл. Ата-энем үч тилде эркин сүйлөп, ал тургай ырдап, бийлегениме сыймыктанышат. 9-класста окуп жүргөндө чачтарачтын курсун бүтүп, сертификат алгам. Учурда дагы тил үйрөнүүгө ынтызармын. Кыргыз тили бай тил деп билем жана курбуларым менен кыргыз тилинде эркин сүйлөшөм. 2017-жылдын август айында Ю.Бабковдун "Ырдайлы кыргыз ырларын" долбооруна катышкам. Эми мектепти ийгиликтүү аяктап, медициналык окуу жайга тапшырууну кыялданып жатам», - деди ал.

Рафиля 3 бир туугандын кенжеси, эки агасы бар. Ата-энеси айылда айыл чарба менен алектенишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1250
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×