Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Ысык-Көл

Жети-Өгүздө бир суткада 6 мас айдоочу кармалды (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунда бир суткада мас абалда унаа башкарган 6 айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан «Бахус» аталышындагы рейд иш-чаралары өткөрүлүп жатат. Аталган иш-чара жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу, мас абалда унаа башкарган айдоочуларды, жол кыймылынын жана башка эрежелердин бузулушун аныктоого багытталган.

Рейддин жүрүшүндө бир стукада (15-январь) Жети-Өгүз районунда 68 эреже бузуу катталды. Алардын ичинен мас абалда транспорт каражаттарын башкарган 6 айдоочу кармалса, 14 унаа айып аянтчасына токтотулду. Ошондой эле, Кызыл-Туу айылында жол белгилери бузулган факты аныкталды. Алар бийиктиктин стандарттарынын талабына ылайык орнотулган эмес. Аныкталган фактылар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 3 сунуштама жөнөтүлдү.

ЖККК бөлүмүнүн жетекчиси Аким уулу Мирландын айтымында, рейдге жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өздүк курамы тартылып, алар иштелип чыккан график боюнча облустун аймактарында иш алып барышат.

«Рейддин жүрүшүндө одоно эреже бузбаган айдоочуларга кызматкерлер түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Биз жарандарды жолдо сак болууга, мас абалда унаа башкаруу фактылары тууралуу ЖККК бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө же жол кыймылынын коопсуздук тескөөчүлөрүнө билдирүүгө чакырабыз», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1663
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×