Бөлүмдөр
Ишемби, 24-февраль
Ысык-Көл

Акыркы суткада өлкө аймагында 11 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыгы катталды. Аларды өчүрүүгө 13 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 20-январда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Ысык-Көлдөгү Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айылындагы турак үйдөн өрт чыкты. Үйдүн ичинде от жагуучу мештин морунун тегереги күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Жылытуучу мештин жана мордун туура эмес түзүлүшү өрткө себеп болгон.

Ошондой эле, балдардын от менен ойногонунун кесепетинен Түп районунун Ысык-Көл айылындагы турак үйдүн короосунда өрт чыккан. Короодо жыйылган 1500 түк чөп толугу менен күйүп кетти. Бактыга жараша адамдар жабыркаган эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 542
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×