Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 21.01.2018 19:16 Жаңыланды: 22.01.2018 08:17

Айыл турмушу: Тамгалык А.Боталаев кургак талааны бакчага айландырды (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Тамга айылынын тургуну Алмаз Боталаев суу чыкпаган жерлерге тамчылатып сугаруу системасын жана тургундарга биогаз орнотуп берүү кызматын көрсөтөт. Ал 10го жакын кишини иш менен камсыздаганына Turmush басылмасынын кабарчысы күбө болду.

Ага элеттен 2,5 гектар жер үлүшкө берилген. Ошондон тартып жер иштетүү менен алектенет.

«Алгач бул жер таштак эле. Суу да чыкчу эмес. Ташын терип, алгач бат өскөн талдарды өстүрүп, аны отунга сатып жүрдүм. Кийин алма-өрүк өстүрүп жатып, бир кездеги кургак талаа азыр бакчага айланды», - дейт ал.

Сугат маселеси көйгөй болгондуктан алгач үйүнүн жанынан 10 сотых жерге тамчылатып сугаруу системасын орноткон.

«Өзүм орнотуп, ал кезде бул система боюнча билим аз болгондуктан далай материалдарды жараксыз кылдым. Улам бир жерин башкача жасап отуруп, акыры бул ыкманы жакшы өздөштүрүүгө жетиштим. Ошондо бир аз жерден мол түшүм алдым. Анда төө буурчак, картошка, капуста өстүргөм. Тамчылатып сугаруу менен түшүм бирдей салмакта болот экен. Бул ыкма жагып калып, аны мыкты деңгээлде өздөштүрдүм. Эми 2,5 гектар жерге да бул системаны орнотоюн деп жатам», - деп кошумчалады.

Алмаз мырза теңтуштары менен айылдаштарынын, коңшу айылдын бакчаларына тамчылатып сугаруу системасын орнотуу кызматын көрсөтүшөт. Андагы кызмат акы 15-20 миң сом (гектарына) турат. Керектүү шаймандарды Түркиядан алдырышса, түтүктөрдү жергиликтүү өндүрүүчүлөрдөн алып колдонушат.

«Биз өзүбүзгө биогаз койдурганбыз. Бирок бир аз эле пайдаланып, жарактан чыгып калган. Үй-бүлөм менен бөлүнүп, там куруп көчкөндө биогазды ала кеткем. Аны кайра чоңойтуп курап чыктым. Азыр 15 кубдук биогаз тамак-аш бышырып, мончо жагууга жетет. Бул тармак боюнча да изденип, тажрыйба алып отуруп, азыр элге орнотуп берүү кызматын кылам. Газын алгандан кийин иштелип чыккан семирткич алынат. Аны биосемирткич кылып колдонууга болот. Издеген багбандар арбын. Бизде ал арзан, 1 литрин бир сомдон сатабыз», - деди А.Боталаев.

Учурда бул тармак боюнча банктар менен келишимдин негизинде кеңешчи болуп эмгектенүүгө да жетишүүдө.

40 жаштагы каарманыбыз кесиби боюнча биолог мугалим. Учурда 3 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×