Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Ысык-Көл

Мекендештер: Эки Нурсултан Түркияда кыргыз ырчыларынын концерттерин уюштуруп иштеп жатат (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Чырак айылынын 24 жаштагы тургуну Эркинбек уулу Нурсултан менен Алай районунун Гүлчө айылынын 24 жаштагы тургуну Нурсултан Дарбанов Түркияда кыргызстандык жылдыздардын концерттерин уюштурууга жардам берип иштеп жүрүшөт. Аймактык кабарчы алыстагы мекендештерден кабар алды.

Ысык-көлдүк Нурсултандын айтымында, мындан 1,5 жыл мурун Түркиянын Стамбул шаарына катардагы мигрант катары барган. Учурда Кыргызстанга келчү оор жүктөрдү жиберип иштейт. Ишинен сырткары концерттерди уюштуруу иштерин дагы аткарат.

«Түркиядагы кыргыздардын WhatsApp тайпасы бар. 2017-жылдын март айында тайпада кыргыз ырларын сагынышканын жана ырчы Омарды чакыруу боюнча сөз болуп калды. Стамбул, Анталия жана Анкара шаарларында уюштурууга баары макул болушуп, Стамбулдагы концертти уюштуруу иштерин мен өз мойнума алдым. Андан көп өтпөй Анжелика Бекболиеванын концертин уюштуруп, мекендештерге жакшы маанай тартуулоого жетиштик. Бул жактагы мекендештер колдоп, концерттер мыкты деңгээлде өтүп жатты. «Бир баш жакшы, эки баш андан жакшы» дегендей кийинки концертти досум Нурсултан Дарбанов менен бирге уюштурууну чечтик.

Бул жолу октябрь айында мекендештердин суроосу боюнча ырчы Нурлан Насиптин концертин уюштурдук. Уюштуруу иштеринде эки кишинин болгону абдан жакшы экенине ишендим. Андан кийин Данияр Эрматов, Нурмат Садыров аттуу ырчылардын дагы концертин дагы чогуу уюштурдук. Концерт менен бул жакка келген ар бир ырчы менен эң жакын мамиледе болуп калдык. Нурсултан менин эң ишенген досум. Буйруса мындан кийин дагы чогуу көп жакшы иштерди алып барабыз», - деди ал.

Ал эми, алайлык Нурсултандын айтымында, иш-чараларды уюштуруудан тышкары Кыргызстанга келчү оор жүктөрдү жиберет.

«Менин эң биринчи уюштуруу ишим 2017-жылдын октябрь айында башталды. Досум Нурсултан экөөбүз ырчы Нурлан Насиптин концертин уюштуруп, мекендештердин кыргыз ырларына болгон сагынычын таркатууга аракет кылдык. Биринчи уюштуруу ишим болгону менен концертибизде көп кыйынчылыктар болгон жок. Бирок Нурлан Насип концерт гана койбостон «Мени унут» деген ырына клип тарткан эле. Клип тартуу учурунда бир аз кыйынчылыктар болду. Мен клип тартууну оңой ойлоптурмун. Көрсө өтө кыйын иш экен. Стамбулдун тар жолдорунда машина менен клип тартуу өзүнчө азап болгон эле. Эң кызыгы кетер күнү Нурлан Насип келген тобу менен учакка жетишпей калып, аргасыз дагы бир күн Стамбулда калууга туура келген.

Андан кийин көп өтпөй жаңы жылда ырчылар Нурмат Садыров менен Данияр Эрматовду Стамбулга чакырдык. Майрамга карата уюштурулгандыктан жаңы жылдагы концертибизде бир аз кыйынчылыктар болду. Себеби чоң ресторанды ижарага алып өткөрдүк. Ичиндеги жасалгалары, ошол жерде иштеген официанттардын эмгек акысы, ичиндеги тамак-аш, суусундуктар жана башка ичимдиктерди өз мойнубузга алдык. Канчалык кыйынчылыктар болгону менен мекендештерибиздин эң мыкты эс алып, мекенге болгон сагынычтарын жазган бактылуу жүзүн көргөндө ал кыйынчылыктар унутулуп калат», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1233
×