Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Жети-өгүздүк уста Ж.Иманалиевди айылдаштары «темирдин атасы» деп аташат (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Мундуз айылынын 54 жаштагы тургуну Жолдошбек Иманалиев ата жолун улап, устачылык менен алектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, атасы Карыпжан 5 айылдын элине кызмат кылган мыкты уста болгон.

«Буга чейин атка чегилүүчү айыл чарба шаймандарын темирден жасачумун. Кийин өзүмө чөп майдалоочу жабдык жасаган соң ага болгон суроо-талап арбын боло баштады. Учурда аны 20 миң сомго сатыкка койдум. Мен жасаган айыл чарба шаймандар 20 миң сомдон 100 миң сомго чейин бааланат. Учурда жазгы айдап-себүү иштерине техникаларды кароодон өткөрүп, буйрутмаларды бүтүрүү менен алектенип жатам», - дейт ал.

Уста темирдин бардык түрү менен иштегендиктен айылдаштары аны «темирдин атасы» деп аташат.

Устанын жубайы Д.Истакеева да кол өнөрчүлүк менен алектенип, келиндерине курак кураганды үйрөтүп келет. Алар 8 баланы тарбиялап, бутуна тургузушкан. 3 уулу атасынын жолун улап, устачылык кылышат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 873
Көп окулду
×