Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Ысык-Көл

Жети-Өгүз районунда 1 адамды кар көчкү басып калды

Turmush -  21-январда Жети-Өгүз районунда 1 адамды кар көчкү басып калды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кечке маал Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн Көк-Жайык жайлоосунун Телти аймагында 3 адам – 1979-жылы туулган А.Р.Б, 1991-жылы туулган А.Д.Б. жана 1980-жылы туулган К.Д. отун чогултуп жүргөн учурда кар көчкү түшүп, 1979-жылы туулган А.Р.Б. көчкү алдында калган. Анын жанындагы 2 адам аман калышты.

Издөө-куткаруу иштерине 22-январь күнү ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү, Каракол шаардык №15 адистештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 8 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 30 адам «Нива» жана «ЗИЛ-131» үлгүсүндөгү унаалар менен жөнөп кеткен. Кырсык болгон жерде уюлдук байланыш жок болгондугуна байланыштуу учурда куткаруучулар менен байланыш болбой жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1230
×