Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 24.01.2018 08:27

Жети-Өгүздүн Көк-Жайык жайлоосунда кар көчкү алдында калган 38 жаштагы адам изделүүдө (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда кар көчкү астында калган адамды издөө иштери улантылып жатат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы бүгүн, 24-январда билдирди.

Маалыматка караганда, 21-январь күнү саат 17:00 чамасында Көк-Жайык жайлоосунун Телти участогунда 3 адам аң улоодо жүрүшкөндө кар көчкү түшүп, 1979-жылы туулган Р.А. кар көчкү алдында калган.

Кар көчкү боюнча маалымат ӨКМге 22-январь күнү саат 20:00дө түшкөн. Издөө иш-чараларын жүргүзүүгө алгач ӨКМден 10 адам жана Жети-Өгүз айылынын тургундарынан 30 адам тартылган.

«23-январда саат 15:00дө кар көчкү түшкөн аймактан 2 жергиликтүү тургун тамак-аш алып кетүү үчүн Жети-Өгүз айылына келишкен. Алардын берген маалыматы боюнча, издөө иштери улантылып жатат жана түшкөн кар көчкүнүн көлөмү болжол менен 154 миң куб метрди түзгөн», - деп айтылат маалыматта.

ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, бүгүн саат 05:45де издөө иштерин улантуу үчүн ӨКМ тарабынан жалпы 52 куткаруучу 3 даана «ГАЗ-66» унаалары менен жөнөп кетишти. Мындан сырткары жергиликтүү тургундардан 50 адам издөө иштерине тартылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×