Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 24.01.2018 13:49

Жети-Өгүздө кар көчкү алдында калган адам табылды

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда кар көчкү астында калган адам табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 21-январь күнү саат 17:00 чамасында Көк-Жайык жайлоосунун Телти участогунда 3 адам аң улоодо жүрүшкөндө кар көчкү түшүп, 1979-жылы туулган Р.А. кар көчкү алдында калган.

«Аны издөө иш-чараларынын жүрүшүндө куткаруучулар тарабынан бүгүн, 24-январда саат 12:50дөр чамасында маркумдун жансыз денеси табылды. Азыркы убакта маркумдун денесин тоодон түшүрүү иш-чаралары аткарылууда. Куткаруучулар менен издөө иштерине катышкан жергиликтүү тургундар айылга түшүп келишүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин кар көчкү алдында калган адамды издөө иштерине ӨКМ тарабынан жалпы 52 куткаруучу 3 даана «ГАЗ-66» унаалары менен жөнөп кетишкендиги маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×