Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Ысык-Көл

Жети-Өгүздүн Конкин айылынын элине таза суу март айынан тарта берилет (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Конкин айылына таза суу март айынан тарта бериле баштайт. Бул тууралуу Ырдык айыл аймактын башчысы А.Дыйканбаев билдирди.

Анын айтымында, Ырдык айыл аймагынын карамагына 5 айыл кирет. Буга чейин Конкин айылында таза суунун жоктугу көйгөй жаратып келсе, эми бул маселе чечилип, жакынкы аралыкта айыл тургундары үчүн таза суу бериле баштайт.

Жергиликтүү эл өкүлдөрү айыл аймак менен биргелекте каржы булактарын табышкан. Жалпы наркы 7,5 млн сомго аткарылуучу иштин учурда 60%ы бүткөрүлгөн.

«Бул иш март айында бүткөрүлсө, андан кийин Жон-Булак айылына таза суу тартуу аракети көрүлөт. Кумтөр ишканасы тарабынан 5,5 млн сом бөлүнсө, 2 млн сом Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду тарабынан берилген. Долбоордо ишти кыска мөөнөттө бүтүрүү каралган. 130 метр тереңдиктен суу сордуруп чыгаруу үчүн техникалар да жетиштүү. Суу тартуу иштери толугу менен бүткөрүлсө, 680 адам таза суу менен камсыз болот. Долбоор боюнча иш ушул жылдын март айында бүткөрүлөт», - деди айыл аймактын башчысы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 952
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×