Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Жети-Өгүздүн 4 тургуну 15 гектар жерди алма, алмурут бакчасына айлантышты (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын 4 тургуну 15 гектар жерди иштетип, ал жерде алма, алмурут өстүрүшөт. Багбандардын бири менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

Евгений Китаевдин айтымында, бакчаны көзөмөлдөө иши ага жүктөлгөн.

«Алгач жетекчибиз Вячеслав Стрельников алма өстүрүүнү пландаган. Мени чакырып, ал жерде башкаруучу болууну сунуштады. Жубайым экөөбүз эсепчибиз.

Жалпы 20 гектар жер бар. Анын 15 гектарын бакча кылып, калган 5 гектарына жаңы сорттогу ар кандай чөптөрдү өстүрүп көрүп тажрыйба жүргүзөбүз», - дейт Е.Китаев.

Анын айтымында, бакчада алмуруттун 3 сортун, алманын 6 сортун өстүрүшөт.

«Бакча жалпы 15 гектарды ээлейт. Бирок азырынча 5 гектары мол түшүм берет. Калгандары жаш көчөттөр. Учурда алманын 6 сортун өстүрүп жатабыз, алардан 35 тоннага чейин түшүм жыйнайбыз. Алмуруттун көчөттөрү жаш болгондуктан андан 23 тоннага чейин түшүм алдык. Аларды жеринде эле сатабыз. Буга чейин алма, өрүктөрдү дүң баада сатып келсек, быйыл аны кайра иштетип, как жасадык. Иш жаңы башталгандыктан биринчи жолу 100 кг как жасаганбыз. Келечекте аны кеңейтүүнү пландап жатабыз», - деди ал.

Мындан тышкары, алар көчөттөрдү өстүрүүчү питомник бар экенин кошумчалады.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1600
Көп окулду
×