Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 27.01.2018 11:27

Жети-Өгүздө согуштун ардагери Зарлык Калчаев 94 жашында каза болду

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Аң-Өстөн айылынын тургуну, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Зарлык Калчаев 94 жашында каза болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

З.Калчаев 1923-жылы жарык дүйнөгө келген. 1942-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, Украинада жоокердик милдетин өтөп, Харько, Кривой-рог, Одесса шаарларын бошотууга катышкан. Ардактуу эс алууга чыккандан кийин зоотехник кесибине ээ болгон. Кийин Кочкор, Ысык-Көл райондорунда зоотехник болуп эмгектенген. 1977-жылы «КРнын эмгек сиңирген зоотехниги» наамына ээ болгон.

Маркумдун сөөгү бүгүн, 27-январда Аң-Өстөн айылында жерге берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×