Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 30.01.2018 13:49

Жети-Өгүздө өткөн жылы 81 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылган

Turmush -  Жети-Өгүз районунда өткөн жылы 81 мамлекеттик кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу райондук прокуратурадан маалымдашты.

Район прокурору М.Абсатаповдун маалыматына караганда, 2017-жылы жалпысынан 99 текшерүү жүргүзүлүп, 29 талап, 3 кылмыш иши, 8 администрациялык өндүрүш иши, 7 тартиптик иш козголгон. Прокурордук чаралардын негизинде 81 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке жана 6 кызматкер администрациялык жоопкерчиликке тартылган.

Прокурордук чара көрүү актылардын негизинде 334 миң 177 сом мамлекетке өндүрүлгөн. Былтыркы жылга салыштырмалуу текшерүү 11ге көбөйгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×