Бөлүмдөр
Ишемби, 24-февраль
Ысык-Көл

«Сарычат-Ээрташ» коругунан өткөн жылы чыгып кеткен ак илбирс кайтып келди (фото, видео)

Turmush -  «Сарычат-Ээрташ» коругуна ак илбирс кайтып келди. Бул тууралуу коруктун башчысы М.Мусаев маалымдады.

Анын айтымында, учурда корукта 50гө жакын ак илбирс байырлап келет.

«Учурда корукта моюнуна каргы салынган 5 жаштагы Ак-Шоола, 4 жаштагы Чагылган, 2,5 жаштагы Заир, 5,5 жаштагы Жылдыз спутник аркылуу ар күнү көзөмөлдөнүп турат. Учурда 149 миң гектар аянтты ээлеген корукта 3200 аркар, 2150 эчки теке, 50 илбирс байырлап келет. Чагылган аттуу ак илбирс коруктан 2017-жылы чыгып кеткен, жакында кайра кайтып келди. Ак илбирстердин моюнуна каргы 18 ай мурун салынган», - дейт ал.

Сарычат–Ээрташ мамлекеттик коругу Акшыйрак Тоо түйүнү менен Тескей Ала-Тоонун ортосундагы бийик тоолуу, мөңгүлүү өрөөндүн төрүндө 1995-жылы уюшутурулган. Сарыжаздын он куймасы Үчкөлдүн түзүүчүлөрү Сарычат жана Ээрташ суусунун алабдарын ээлейт. Аянты 72 миң гектарды түзөт. Негизги максаты — сырттын жаратылыш комплекстерин бузбай, аларды табигый калыбында сактоо. Ал жердеги кызыл китепке кирген аркар-кулжа, илбирс, Тянь-Шандын ак тырмактуу аюусун жана башкаларды коргоого алуу. Бул жерде эчки, теке, карышкыр, суур, коён жана сейрек кездешүүчү жырткыч жаныбар мадыл, суусар мекендешет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 718
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×