Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Жети-өгүздүк Самат булгаарыдан жасаган бут кийимдерди чет өлкөгө сатууда (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айылынын тургуну Самат Касымалив булгаарыдан өтүктөрдү жасап, чет өлкөрүктөргө сатууда. Аймактык кабарчы элеттик ишкер менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, бул ишти ал 2 жыл мурун баштаган. Ак-Дөбө айыл аймагы тарабынан мунициалдык ишкана катары ачылып, колдоолор көрсөтүлгөн. Ал буга чейин булгаарыдан эркектер үчүн бут кийим тигип келсе, быйыл айымдарга жана балдарга дагы бут кийим тигүүнү баштады. Бут кийимдердин баасы эркектер үчүн 2500 сом болсо, аялдардыкы 2700 сомдон сатылууда.

«Быйыл тиккен өтүктөрдү Казакстанга жөнөтүп жатам. Коңшу мамлекеттерден келген буйрутмалар арбын болгондуктан ишти бүтүрүү аракетиндебиз. Ишти алгач өзүм баштагам, учурда 4 адамды иш менен камсыз кылдым. Эми муну кеңейтип, сапаттуу бут кийимдерди чет өлкөлөргө жиберүүнү улантууну пландап жатам», - дейт С.Касымалив.

Ишкер эми бут кийим тигүү цехин ачууну максат кылып жатканын кошумчалады.

«Бут кийимдерге салына турган тамандар Орусиядан келсе, булгаары жана кийиз Кыргызстандан эле чыгарылат. Бул кийимдерди сапаттуу жасап, чет өлкөлөргө экспорттосок дейм», - деди ал.

Ал эми Ак-Дөбө айыл аймагынын башчысы Т.Баямановдун айтымында, чакан ишканадан жайкы жеңил бут кийимдер да чыгарылат. Кышкы бут кийимдерди көбүнчө айыл тургундары сатып алышат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1637
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×