Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 28.02.2018 11:57

Айыл турмушу: 31 жыл агартуу тармагында иштеген А.Касымалиеванын оригиналдуу саймалары (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын тургуну Алмагүл Касымалиева 31 жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, мугалим болуу анын бала кезиндеги кыялы болчу. Ал окуу жайды бүткөндөн кийин биринчи бала бакчада тарбиячы болуп, кийин 1987-жылдан тартып Жети-Өгүз райондук билим берүү бөлүмүндө жетектөөчү адис болуп эмгектенген.

31 жылдык эмгек жолунда 3-класстагы мамлекеттик инспекторлук чинге, республикалык деңгээлдеги бир катар ардак грамоталарга ээ болуп, Мамлекеттик кадр кызматынын төш белгиси, «Билим берүүнүн отличниги» төш белгиси жана КРнын профсоюз кыймылынын төш белгилери менен сыйланган.

Мугалим бош убактысын текке кетирбей сайма сайып, жаратылыш кооздугун кездемеге түшүрөт.

«Кол өнөрчүлүк аялзаты үчүн абдан маанилүү. Мен өз кезегимде сайма сайганды апамдан үйрөнгөм. Бул өнөрдү биз кийинки муундагы кыздарга үйрөтүшүбүз керек», - деди А.Касымалиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×