Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 19.03.2018 12:06

Жети-Өгүздө көк бөрү ойноп жатып каза болгон А.Өмүркуловдун элесине арналып мелдеш өткөрүлдү

Turmush -  Жети-Өгүз районуна караштуу Аң-Өстөн айылында көк бөрү боюнча мелдеш өткөрүлдү. Уюштуруучу Митхун Эшкожоевдин айтымында, мелдеш өткөн жылы көк бөрү ойноп жатып 26 жашында каза болгон Аслан Өмүркуловдун жаркын элесине арналды.

Аслан 2017-жылдын 15-январында мелдеш учурунда каза болгон. Артында бир уулу калды. Достору анын элесине арнап көк бөрү боюнча мелдеш өткөрүүнү демилгелеп, Ак-Дөбө айыл аймагы 35 миң сом бөлүп берген. Мелдешке Жети-Өгүз району боюнча 9 команда катышты.

Асландын атасы А.Алкожоев уулун эскерип, мелдеш өткөрүп жаткандарга ыраазычылыгын билдирди. Соңунда жеңүүчү командага сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×