Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 19.04.2018 09:44

Ысык-Көлдө жүргүнчүлөрү бар кичи автобус жеңил унааны сүзүп, жолдон чыгып кетти (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда кичи автобус менен жеңил унаа кагышып, эки адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, жол кырсык кечээ, 18-апрелде саат 18:00 чамасында Балыкчы—Бөкөнбай—Каракол унаа жолунун 141-чакырымында катталган. Анда «Ниссан Цефиро» үлгүсүндөгү жеңил унааны «Мерседес Бенц спринтер» үлгүсүндөгү кичи автобус сүзүп, жеңил унаанын айдоочусу ооруканага жеткирилген.

Бишкек—Каракол каттамындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу кичи автобуста 17 киши болгон, жол кырсыктан 1 жүргүнчү жабыркап, ооруканага түшкөн.

Жол кырсык катталган жерге Жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери барып, тактоо иштерин жүргүзүшкөн. Анын жыйынтыгында бурулуштан чыга калган «Ниссан Цефиро» унаасы жол кыймылынын эрежесин сактабагандыгы аныкталган. Ал эми кичи автобус кашаадан өтүп, огородго кирип кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×