Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 30.05.2018 18:19

Айыл турмушу: Кол өнөрчү Ш.Осмонканова Көчмөндөр оюндарына хан өргө даярдап жатат (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Чырак айылынын 61 жаштагы тургуну — кол өнөрчү Шайгүл Осмонканова III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярданып жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Кол өнөрчү аталган оюндарга «Курманжан датка» тарыхый тасмасында Шапак баатырдын хан ордосу катары тигилген боз үйдү даярдап жатат.

«Тасмага биздин боз үйдү тандаганына сыймыктандык. Өзүбүз да тасмага тартылып, жардам берип жүрдүк. Тарыхый тасманын жаралганына салым кошконума сыймыктанам. Боз үйдүн жыгачын атайын жасаткам, ал эми кийиз, жип-шуусунун баарын өзүм жасап, кооздоп чыктым. 1974-жылы жолдошум Эсенгул Чакиевге турмушка чыктым. Ошол мезгилден баштап кайненемден кыргыздын кол өнөрчүлүгүн үйрөндүм. Ал учурда 100 жашта. Энем бардык келиндерине кол өнөрчүлүктү үйрөттү. Эми мен да кыз-келиндериме энемден үйрөнгөн өнөрдү калтырсам деген тилегим бар. Каракол шаарындагы "Толгонай эне" боз үй коомуна барып, хан боз үйдү оңдоп, жаңыртып даярдап жатабыз. Көчмөндөр оюндарына келген чет элдик конокторго кыргыз маданиятын таанытсам деп тилек кылам», - деди ал.

Шайгүл апа кол өнөрчүлүктөн тышкары келин-уулу менен 300гө жакын кой, 60ка жакын жылкы багып, 100дөн ашык уй саайт. Алардын жүнүнөн таза шырдактарды жасап келет. Ошондой эле коомдук турмушка аралашып, элеттик энелерден түзүлгөн «Шайыр апалар» тобун жетектеп, райондук, облустук иш-чараларга катышат.

«Жолдошум экөөбүз 5 баланы тарбиялап чоңойтуп, алардын баарына жогорку билим бердик. Учурда уулум Бактыбек Канадада дарыгер болуп эмгектенет. Бир кызым Түркияда, дагы бир уулум Нью-Йоркто жашайт», - деди Шайыргүл апа.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×