Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 31.05.2018 08:35

Жети-Өгүздө эки унаа кагышты (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда «Хонда Степвагон» менен «Тойота Эстима» автоунаалары кагышты. Жабыркагандар жок. Бул тууралуу Turmush басылмасына окуянын күбөлөрү билдиришти.

Алардын айтымында, кечээ, 30-майда болжол менен кечки саат 19:30 чамасында Каракол—Кызыл-Суу—Тамга унаа жолунда эки унаа кагышып, анын кесепетинен унаалардын алдыңкы бөлүктөрү талкаланган.

«Жол кырсыгы Жети-Өгүз айылындагы кайрыла турган жерде болду. "Тойота Эстима" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жол эрежесин бузган. Ал негизги жолдо "Хонда Степвагон" унаасы кетип бара жатканына карабай кайрылууга аракет кылган. Бактыга жараша айдоочулар жеңил түрдөгү жаракаттарды алышты. Жол кырсыктан катуу жабыркагандар жок. Окуя болгон жерге тез жардам кызматын чакырдык», - деди күбөлөр.

Алдын ала маалыматтарга караганда, «Тойота Эстима» автоунаасынын айдоочусу жол кырсыгы учурунда мас абалда болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×