Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 04.07.2018 17:32 На русском

Жети-Өгүздө 13 жаштагы кызга балмуздак сатып берип, эки ирет зордуктоого аракет кылган айылдашы кармалды

Turmush -  Жети-Өгүз районунда 13 жаштагы кызды эки ирет зордуктоого аракет кылган айылдашы кармалды.

Өздүк булактардын маалыматына караганда, окуя 2-июлда болду. 2005-жылы туулган А. аттуу кызды 1976-жылы туулган Т.Э. аттуу адам унаасына салып, ага суусундук, балмуздак сатып бергенден кийин зордуктоого аракет кылган. Аны кыздын атасы көрүп калган. Ошол маалда шектүү адам кызды унаадан түшүрө калып качып кеткен.

Кыздын атасы РИИБге арыз менен кайрылган. Милиция кызматкерлери тарабынан шектүү делген Т.Э. кармалды.

Жабыркаган кыз милиция кызматкерлерине билдиргендей, бул окуя экинчи ирет кайталанып жатат. Биринчи окуя бир ай мурун, тактап айтканда 1-июнда болгон. Үйдө киши жок кезде Т.Э. аны зордуктоого аракет кылган. 2-июль күнү дагы келип, «дагы бир жолу мени менен жатчы» деп айтып, ага сок, балмуздак сатып берген.

Ал эми Ысык-Көл ОИИБ аталган факт болгонун тастыктап, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 3-бөлүмүнүн 1-пункту менен (жашы жете элек кызды зордуктоо) кылмыш иши козголгонун билдиришти. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Ал эми шектүү РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Айрым маалыматтар боюнча, кыздын ата-энеси ажырашып кеткен. Кыз атасы менен ижарага алынган батирде жашайт. Батир шектүү жарандын агасына тиешелүү.

Ал эми шектүү деп кармалган жарандын үй-бүлөсү бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×