Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 18.07.2018 09:52

Жети-Өгүздө жайлоого мал айдап баратканда сууга агып кеткен 79 жаштагы карыя изделүүдө

Turmush -  Жети-Өгүз районунда жайлоого мал айдап баратканда сууга агып кеткен 79 жаштагы карыя изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2-июлда Барскоон айылынын 1939-жылы туулган тургуну С.Ч. үйүнөн чыгып, Кааз-Уя жайлоосуна мал айдап бара жаткан учурда Кара-Суу суусуна агып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Издөө иштерине 16-июлда ӨКМдин Жети-Өгүз райондук бөлүм башчысы, ӨКМдин Каракол шаардык №15 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн 5 куткаруучу, ӨКМдин Ысык-Көл райондук №31 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу, ӨКМдин Жети-Өгүз райондук №36 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 2 куткаруучу, ӨКМдин Нарын шаардык №16 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 3 куткаруучу, жалпы 15 куткаруучу тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×