Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 27.07.2018 09:17

Жети-Өгүздөгү пансионатта сууга чөгүп кеткен адам табылбай жатат

Turmush -  23-июль күнү Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы «Натали» пансионатында сууга чөгүп кеткен 42 жаштагы С.А. аттуу адамды издөө иштери бүгүн, 27-июлда дагы улантылат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, анын денеси 4 күндөн бери табылбай жатат. Кечээ, 26-июль күнү издөө иштерине ӨКМдин Каракол шаардык №15 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу, райондук бөлүмдөн 6 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 20 киши тартылып, бирок табылган эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×