Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 28.07.2018 12:07 На русском

Жети-Өгүздө «Сары кыздын тою» өрүк фестивалы менен уланып жатат (сүрөттөр)

Turmush -  Бүгүн, 28-июлда Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Ак-Терек айылында салтка айланган «Өрүк-Фест 2018» фестивалы өтүп жатат. Райондун акими Калыс Жүдеевдин айтымында, бул иш-чара муну менен Жети-Өгүздө үчүнчү ирет уюштурулду. Бүгүнкү фестивалга күбө болгондордун арасында мурунку президент Роза Отунбаева жана Жогорку Кеңештин депутаттары да бар, деп билдирди аймактык кабарчы.

Райондогу жетекчиликтин айтымында, жергиликтүү эл 3 миң гектардан ашуун аянтка өрүк өстүрүп, 9 миң тоннадан ашык түшүм сатышат. Ошондой эле жыл сайын өрүктүн көчөтүн отургузгандар көбөйүп жатканы айтылды.

Бул жылы фестивалга бир катар меймандар чакырылып, кызыктуу кароо-сынактар да уюштурулуп жатат. Ошондой эле ар кандай көргөзмө-жармаңкелер өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×