Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 27.02.2019 22:16

Жети-Өгүздө цех ачылып, 50 кол өнөрчү аял ишке орношту (сүрөт)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Тамга айылында кол өнөрчүлөрдүн цехи ачылды. Аймактык кабарчы маалымдагандай, ачылыш аземге жергиликтүү тургундар, райондук администрациянын кызматкерлери, айыл өкмөттүн өкүлдөрү жана демөөрчүлөр катышты.

Бул цехте жүндү кайра иштетүү менен ар кандай азем белектер жасалат. Ал жерде Тамга, Тосор айылдарынан 50 аял иш менен камсыз болгон. Алар атайын биригип, «Жеңиш» жамаатын түзүшкөн.

«Цех долбоор аркылуу демөөрчүлөрдүн каржылоосу менен ачылды. Эски имарат капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, керектүү буюмдар алынып, жалпы 20 миң доллар жумшалды. Цехтен даярдалган буюмдар Каракол, Бишкек шаарында сатылып, долбоор аркылуу чет өлкөлөргө дагы эспорттолот», - дешти кол өнөрчүлөр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×