Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 04.03.2019 11:19

2 баласы калды: Ысык-Көлдө 4 күн мурда балык уулоого кетип, дайынсыз жоголгон жубайлар табылбай жатат

Turmush -  28-февралда Жети-Өгүз районунун Кирпич айылында көлгө балык уулоого кетип, дайынсыз жоголгон жубайларды издөө иштери бүгүн, 4-февралда дагы улантылат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, жубайлардын дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат куткаруучуларга 3-март күнү саат 12:10 чамасында түшкөн. Кирпич айылынын тургундары 1980-жылы туулган Ю.Г. менен 1978-жылы туулган жубайы Н.Р. 28-февралдан 1-мартка караган түнү саат 03:00 чамасында көлгө балык улоого чыгып кетишкен бойдон дайынсыз жоголгондугу айтылган.

Кечээ, 3-март күнү издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн 14 куткаруучу, милициядан 20 адам жана жергиликтүү тургундардан 20 киши тартылган. Бирок жубайлар табылган эмес. Издөө иштерине жардам көрсөтүү максатында Бишкек шаарынан 5 суучул келди. Издөө иштери бүгүн да улантылат.

Буга чейин Turmush басылмасы жубайлардын кайгы оодарылып кеткен болушу мүмкүн экендигин жазган. Алардын 2 баласы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×