Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 02.04.2019 08:19

Жети-Өгүздүн Оргочор айылындагы өспүрүмдөр кичи футбол боюнча өлкө чемпиону болушту (сүрөт)

Turmush -  Бишкек шаарында 25-30-март күндөрү өткөн кичи футбол боюнча Кыргызстандын чемпионатында Жети-Өгүз районунун Оргочор айылынын футболчулары чемпион болушту. Бул тууралуу машыктыруучу Азамат Байсымаков билдирди.

Анын айтымында, мелдешке 2001-2003-жылы төрөлгөн балдар катышты.

«Алар Чүй, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Бишкектин командалары менен ойноп жеңип чыгышты. Финалда таластык футболчуларды 2:1 эсебинде жеңишти», - деди ал.

Ошондой эле Оргочор айылынын 2006-жылы төрөлгөн балдары 16-21-мартта болгон өлкө чемпионатын жеңип, алар да чемпион болгон.

«Биздин айылдын балдары жакшы ийгиликтерди жаратып, келечекке чоң үмүт жаратууда», - деп кошумчалады машыктыруучу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×