Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 23.04.2019 14:26 На русском

Сүрөт — Ысык-Көлдүн тескей жээгиндеги жол кырсык 3 адамдын өмүрүн алды

Turmush -  Ысык-Көл облусунда жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болду.

Маалым болгондой, жол кырсык 22-апрелде саат 17:10 чамасында Балыкчы—Бөкөнбаев—Каракол унаа жолунун 213-чакырымында, тактап айтканда Жети-Өгүз районунун Ырдык жана Конкин айылдарынын ортосунда катталган. Оргочор айылынын 1988-жылы туулган тургуну Э.Ж.нын башкаруусундагы «Авенсис» үлгүсүндөгү унаа каршы тилкеге чыгып, Жети-Өгүз айылынын 1982-жылы туулган тургуну Э.М. башкарып бара жаткан «Жигули» үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан.

Жол кырсыктын кесепетинен «Авенсис» унаасынын айдоочусу оор абалда Каракол шаарынын ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Ал эми «Жигули» унаасынын айдоочусу окуя болгон жерде каза болгон. Экинчи унаада 3 жүргүнчү болгон. Алардын бири — 1982-жылы туулган Р.Б. Каракол шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Калган эки жүргүнчү —1987-жылы туулган Б.М. жана 1982-жылы туулган М.А. оор жаракаттын кесепетинен окуя болгон жерде көз жумду.

Окуя болгон жерге Ысык-Көл ОИИБдин ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлери барып, тиешелүү иштерди жүргүзгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×