Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 03.05.2019 16:09 На русском

Махира 14 жыл мурун жоготкон кызын тааныды. Чириген сөөктүн сүрөтү

Turmush -  Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Тамга айылында табылган адамдын чириген сөөгү кимге тиешелүү болгонун жана окуянын чоо-жайын ыкчам топ иликтеп жатат. Чириген сөөктү жергиликтүү тургун даараткана үчүн чуңкур казып жатып тапкан.

Turmush басылмасына маалым болгондой, кечээ, 2-майда саат 11:00 чамасында Жети-Өгүз РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө байланышкан Тамга айылынын 1995-жылы туулган тургуну Назарий (ысымы өзгөртүлдү) милиция кызматкерлерин чакырган. Ал убактылуу жашап жаткан үйдүн чарбагындагы эски даараткананын жанына жаңысын куруу үчүн чуңкур казып жатканда адамдын баш сөөктөрүн тапканын айтты. Ал жерди болжол менен 80 см чейин казган.

Окуя болгон жерге ыкчам топ барып, тиешелүү иштерди жүргүзүштү. Ал чуңкурдан аялга тиешелүү кийимдердин калдыктары: ич кийим, спорттук кийим (толстовка), спорттук шым табылган. Ал эми кийимдердин ичинде адамдын чирип бара жаткан баш сөөгү болгон. Ошондой эле болжол менен темирден жасалган гүлгө окшош оймо көздүү шакек алынып, баары далил зат катары катталды.

Жергиликтүү тургун — 1952-жылы туулган Махира (ысымы өзгөртүлдү) да окуя болгон жерге барып, адамдын кийимдери менен баш сөөктү көргөн. Анын 1986-жылы туулган кызы Ника 2005-жылы 17-март күнү саат 16:00 чамасында (ошол учурда 19 жашта болгон) үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Ал эми Махира чуңкурдан табылган кийимдердин калдыктары жана баш сөөктөгү үстүңкү тиш аркылуу сөөк жоголгон кызына тиешелүү экенин айтууда.

Махира кызынын жоголгону тууралуу Жети-Өгүздөгү милиция кызматкерлерине билдирип, бул иш РИИБде 2005-жылдын 25-мартында каттоого алынып, издөө иштери жүргүзүлгөн. Бирок жыйынтык болгон эмес.

2012-жылы Казакстандын Кордай РИИБи тарабынан 2006-жылы жол кырсыгынан каза болуп, өздүгү аныктала элек маркум кыз тууралуу билдирүү түшкөн. Ал сөөктүн сүрөтүн Махира көрүп, дайынсыз жоголгон кызы Ника деп тааныган. Буга байланыштуу 2005-жылы Жети-Өгүз РИИБ тарабынан козголгон ишке байланыштуу Никаны издөө иштери токтотулган болчу.

Тамга айылынан адамдын сөөгү табылган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда ыкчам тергөө иштери уланып жатат.

ЭСКЕРТҮҮ: СҮРӨТТӨ АДАМДЫН СӨӨГҮ КӨРҮНГӨН

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×