Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 17.05.2019 12:01 Жаңыланды: 17.05.2019 12:52 На русском

Жети-Өгүз районунда окуучу кыз көз жарды. Окуянын жаңы жагдайлары

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 2004-жылы туулган өспүрүм кыз 5-майда көз жарган.

Жети-Өгүз райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Максат Асанкожоев Turmush басылмасынын кабарчысына берген комментарийинде билдиргендей, окуучу кыз март айынан бери сабакка катышкан эмес.

«Бизге бул окуя тууралуу маалымат жеткен соң мектептин жетекчиси жана класс жетекчисинен түшүнүк кат алдык. Мектептин администрациясынын маалыматына караганда, кыз 1-марттан бери сабакка катышпай калган. Эки күндөн кийин социалдык педагог жана класс жетекчиси кыздын үйүнө барышкан. Бирок үйүндө киши жок болгон. Эки-үч жолу барышкан экен. Телефон аркылуу кыздын энеси менен байланышыптыр. Анда энеси кызынын буту сынганын айтып, мектепке бара албасын билдирген. Ошондой эле кыздын ооруганы боюнча маалым кат бере турганын билдирген. Биз маалым кат алганбыз. Апасы ооруканада медайым болуп иштейт экен.

Ал эми кыз өзү курактуулардан чоң, сөөктүү. Март айына чейин кош бойлуу экени байкалбаптыр. Негизи ата-эненин дагы жоопкерчилиги болуш керек. Окуяны жашырып, барган кызматкерлерге башкача маалымат берген. Окуучулар мектептен чыккандан кийинки убакта ата-энелер көзөмөлгө алып турушса, мындай окуялар болбойт эле. Ата-эненин дагы жоопкерчилигин жогорулатуу керек.

Ал эми билим берүү бөлүмү тарабынан дайыма балдарга эрте турмуш куруунун терс жагы тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет», - дейт Максат Асанкожоев.

Ошондой эле ал: «Бул окуя боюнча Билим берүү жана илим министрлигине кабар бердик. Мектептин администрациясына, класс жетекчисине тартиптик жазалар колдонулат», - деп кошумчалады.

Көз жарган окуучу кыз үй-бүлөдө 4 бир туугандын кичүүсү.

Ал эми Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, өспүрүм кыздын көз жарганы боюнча факт Жети-Өгүз РИИБдин Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×