Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 20.05.2019 15:26

Ичке-Булуң айылында биринчи жолу 27 млн сомго бала бакча курулуп жатат

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Ичке-Булуң айылынын тарыхында биринчи жолу бала бакча курулат. Бул тууралуу айыл башчысы Бейшенкул Ноорузмамбетов билдирди.

Анын айтымында, бала бакча 60 орунга ылайыкталган.

«Айылда 1500 адам жашайт. Айыл түптөлгөндөн бери бул жерде мектепке чейинки билим берүү мекеме болгон эмес. Ата-энелер балдарын өздөрү мектепке даярдашчу. Кээ бирине кыйын болчу, анткени үй-бүлөдө балдар көп болуп, баарына тиешелүү деңгээлде көңүл бурулбай калчу. Учурда биз бала бакчанын курулушун чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Аны пайдаланууга бергенден кийин жаш энелер жумушка орношо алышат», - дейт ал.

Курулуш иштери 2 ай мурун башталган. Бала бакча 27 млн сомго курулуп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×