Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 22.05.2019 16:36

Жети-Өгүздүн Ичке-Булуң айылына 10 жылдык бүтүрүүчүлөр арка орнотушту

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Ичке-Булуң айылындагы мектептин 10 жылдык бүтүрүүчүлөрү айылдын кире беришине арка орнотушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Уюштуруучулардын айтымында, арканын бийиктиги 8 метр, туурасы 12 метр. Ага жалпы 80 миң сом жумшалды.

«Биз К.Эсенкожоев атындагы мектепти 2009-жылы аяктаганбыз. Бул майрамга утурлай классташтар айылга көрүнүктүү иш жасоону чечтик. Ар кандай сунуштар айтылды. Акырында айылдын кире беришине арка орнотууга токтолдук. Биздин мындай ишибиз кийинки бүтүрүүчүлөргө дагы үлгү болот деп ойлойбуз», - дешти алар.

Ушул эле мектептин 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү айылга намазкана куруп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×