Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 24.05.2019 15:30 На русском

Ысык-Көлдө окуучу кыз көз жарды: Шектүү делип кошунасы кармалды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 2004-жылы туулган өспүрүм кыз 5-майда көз жарган.

Ысык-Көл ОИИБдин маалыматына караганда, бул иш боюнча көз жарган окуучу кыздын кошунасы — 1999-жылы туулган жигит шектүү катары кармалган. Ал эч жакка кетпөө талабы менен үйүнө чыгарылды.

«Көз жарган кыздын жакындары милицияга арыз менен кайрылышкан жок. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тергөө жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле тиешелүү экспертизалар дайындалган. Анын жыйынтыгын күтүп жатабыз», - деп билдиришти милициядан.

Turmush басылмасына өздүк булактар маалымдашкандай, көз жарган кыз 8-класстын окуучусу. Сотко чейинки өндүрүштүк иши КРнын Жазык кодексинин 164-беренесинин (Он алты жашка жете элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) негизинде башталды.

Ал эми шектүү жигит сурак учурунда окуучу кыз менен бир жылдан бери жыныстык катнашта болгонун билдирген.

Буга чейин Жети-Өгүз райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Максат Асанкожоев Turmush басылмасынын кабарчысына берген комментарийинде билдиргендей, окуучу кыз март айынан бери сабакка катышкан эмес.

«Бизге бул окуя тууралуу маалымат жеткен соң мектептин жетекчиси жана класс жетекчисинен түшүнүк кат алдык. Мектептин администрациясынын маалыматына караганда, кыз 1-марттан бери сабакка катышпай калган. Эки күндөн кийин социалдык педагог жана класс жетекчиси кыздын үйүнө барышкан. Бирок үйүндө киши жок болгон. Эки-үч жолу барышкан экен. Телефон аркылуу кыздын энеси менен байланышыптыр. Анда энеси кызынын буту сынганын айтып, мектепке бара албасын билдирген. Ошондой эле кыздын ооруганы боюнча маалым кат бере турганын билдирген. Биз маалым кат алганбыз. Апасы ооруканада медайым болуп иштейт экен.

Ал эми кыз өзү курактуулардан чоң, сөөктүү. Март айына чейин кош бойлуу экени байкалбаптыр. Негизи ата-эненин дагы жоопкерчилиги болуш керек. Окуяны жашырып, барган кызматкерлерге башкача маалымат берген. Окуучулар мектептен чыккандан кийинки убакта ата-энелер көзөмөлгө алып турушса, мындай окуялар болбойт эле. Ата-эненин дагы жоопкерчилигин жогорулатуу керек.

Ал эми билим берүү бөлүмү тарабынан дайыма балдарга эрте турмуш куруунун терс жагы тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет», - деп билдирген Максат Асанкожоев.

Көз жарган окуучу кыз үй-бүлөдө 4 бир туугандын кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×