Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 07.06.2019 09:50 Жаңыланды: 28.06.2019 21:50

Айыл турмушу: Тигүүчү Айнура айылдын кыз-келиндерин иш менен камсыздады

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын 37 жаштагы тургуну Айнура Кадыр кызы тигүү цехин ачып, 10 айылдашын иш менен камсыз кылды. Элеттик ишкер айым менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал кесиби боюнча тигүүчү. Буга чейин балдарын багып, үйдө болчу. Акыркы бир жылдан бери бул ишти колго алып, айылдаштарын дагы иш менен камсыз кылды.

«Жаңы ачылганда бизге жергиликтүүлөр кийимдерин оңдотуп, бир аз буюртма түшүп турган. Кийинчерээк саркеч кийимдерди тигүүгө өттүк. Баалары базар баасынан төмөн, себеби айыл тургундарынын кымбат баадагы кийимдерди алууга мүмкүнчүлүктөрү жок. Кардарлар бири-биринен угуп келе беришет экен. Азыр ишибиз жакшы жүрө баштады. Кардарлар дагы көбөйүп, азыр атайын формаларды тигүүгө өттүк.

Мекеме-ишканалардын кызматкерлери үчүн деп ылайыкталган формаларга түшкөн буйрутмалар арбын болуп, дагы кошумча жумуш орундарын түзүүгө туура келип жатат. Бизде азыр буга чейин үйдө отурган 10дон ашуун кыз-келин иштеп жатат», - деди Айнура.

Анын айтымында, тигүү цехиндеги иш көбөйгөндүгүнө байланыштуу ал дагы 10 тигүүчүнү жумушка алуу аракетин көрүүдө. Тигүүчүлөргө апта сайын эмгек акы төлөйт. Бул иштин аркасы менен кайрымдуулук иштерин дагы жүргүзүп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк, кийим-кече тартуулайт.

Айнура Кадыр кызы 4 баланын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×